09.05.2020 19:18

Сеид Атамбаев чек ара маселеси боюнча: «Мен жана менин партиялаштарым  ата-бабаларыбыздын жери үчүн жаныбызды аябайбыз»

Сеид Атамбаев чек ара маселеси боюнча: «Мен жана менин партиялаштарым  ата-бабаларыбыздын жери үчүн жаныбызды аябайбыз»

Бүгүн, 9-майда Сеид Атамбаев, Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбеков Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн урматына бактардын көчөтүн отургузушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сеид Атамбаев чек арада орун алган кырдаалга  тынчсызданып жатканын  белгилеп, бийликтин калк арасында аброюу жоктугунан улам  чек арада жаңжалдар жүз берип жатканын эске салды.

Сеид Атамбаев биздин элибиз бүгүнкү күндө өз мамлекеттүүлүгүнө жана көзкарандысыздыкка ээ экендигин баса белгиледи жана көз карандысыздык - бул корголууга тийиш болгон эң жогорку баалуулук, ушул себептен улам Алмазбек Атамбаевдин убагында аскер реформасы жүргүзүлүп, заманбап аскер бөлүктөрү курулуп, Куралдуу Күчтөр кызматына аброй топтоого аракеттер көрүлүп, жаңы куралдар алынганын белгиледи.

«Алмазбек Атамбаев өзүнүн уулу Кадырбекти өлкөбүздө артыкча адамдар жок экендигин көрсөтүү үчүн аскерге  кызмат өтөөгө атайын жиберген. Тилекке каршы, азыр тааныш-билиш, тууганчылык башкаруу формасы сыяктуу кайрадан бекемделүүдө», - деди саясатчы Сеид Атамбаев.

«Албетте, бизге тынчтык керек! Бийлик дипломатиялык кызматтардын ишин күчөтүшү талап, эгер жерибизди сактап калгыбыз келсе, Байсалов же Бекназаров сыяктуу адамдарды чогултуп албоо кажет! Бирок биз ар дайым баардыгына даяр болушубуз керек! Мен жана менин партиялаштарым ар дайым биринчилерден болуп, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоп, ата-бабаларыбыз калтырган жер үчүн жаныбызды аябайбыз»,- деп белгиледи  Сеид Атамбаев.